Окуялар

Бишкекте массалык тамактан уулануу фактысы катталды

Бишкекте кайрадан массалык тамактан уулануу фактысы катталды, деп билдирет Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, медициналык жардамга 13 адам кайрылган, алардын 11и стационарга жаткырылган, 2си амбулатордук дарыланууда. Бардык жабыркаган адамдарга зарыл медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Уулангандар тамак-ашты «Буффет» тамактануу жайында жегендиги аныкталды.

Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери объектти пландуу эмес текшерүүдөн өткөрүп, продукциянын үлгүлөрүн лабораториялык анализге алышты.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлдү. Тамактануу жайына 23 миң сом айып пул салынды жана 11-марттан тартып убактылуу ишин токтотуу тууралуу буйрук берилди.

Эпидемиологиялык иликтөө улантылып жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button