Коом
Бишкекте 16-19-сентябрда, газ убактылуу өчүрүлөт

«Бишкекгаз» газ кызматы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүрүүшүнө байланыштуу 16-19-сентябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн билдиришти.
Алар: Фучик көч., ЧЧК, Ала-Арча д., Москва көч., Кулиев көч., Боконбаев көч., Дэн Сяопин көч., Джангерчинов көч., темир жол, Садыгалиев көч., Б.Алыкулов көч., Патрис Лумумба көч., Профсоюзная көч.
Газ өткөргүчүнүн тилкесин жылдыруу боюнча жумуштар көчөнү кеңейтүүгө байланыштуу Бишкек мэриясынын демилгеси менен жүргүзүлүүдө.
Өчүрүү учурунда альтернативдүү энергия булактарын колдонууну суранабыз. Түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Биз жаратылыш газын пайдалануу коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардык аракеттерди көрүүдөбүз.



