Өзгөн районунун салык кызматынын бөлүм башчысы пара менен кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери салык чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн фактыларын аныкташты.

Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Алынган маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгынын кызматкери салык текшерүүсүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облустун тургунунан акча талап кылган. Салык кызматынын кызматкери пара катары 200 миң сом акча талап кылган.
Кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, 2023-жылдын 20-декабрында 200 000 сом суммасындагы акча каражатын алып жатканда Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы У. К. кармалган.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө күрмөнүн чөнтөгүнөн пара катары алынган акчалар табылган.
Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КИББдин төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүштү.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.



