Коом

УКМК: «Хизбут-Тахрир» ДЭУ экстремисттик жашыруун уюмунун тыюу салынган адабияттары табылды — ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын УКМК диний-экстремисттик жана террористтик топторду аныктоо жана бөгөт коюуу боюнча жүргүзүлгөң иш-чаранын алкагында, 2022-жылдын 20-майында Каракол шаарынын Аксуу районунда «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жашаган жерлерине санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында тыюу салынган адабияттар жана баракчалар, ошондой эле электрондук алып жүрүүчү (флеш-карталар, дисктер) табылып алынды.    

Бул фактылар КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча тергөө органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн материалдары кылмыштардын негизинде катталган жана азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында, «Хизбут-Тахрир» ДЭУ иш-аракеттердин башка фактыларын жана жашыруун ячейкалардын активдүү мүчөлүн аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси уюштурулду,- деп айтылат УКМКнын Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button