
ГЭС Киров суу сактагычында кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератору менен курулган. Электр энергиясынын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 млн кВт/саатты түзөт. Бул Талас облусунун эки районунун 19 миң абонентин электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүндүк берери айтылды.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, Бала-Саруу ГЭСине жалпы жонунан 2,8 млрд сом жумшалган. Анын ичинде Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун салымы да бар.
ГЭСти ишке киргизүүгө барган Садыр Жапаров алдыда Орто-Токой жана Папан суу сактагычтарында жаңы ГЭСтер курула баштаарын белгилеген.



