Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада алты медалга ээ болушту

8–13-апрель күндөрү Түркмөнстандын Ашхабад шаарында III эл аралык математикалык олимпиада болуп өттү. Анда Кыргызстандын намысын 23 окуучу коргоду.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, биздин окуучулар жалпы 6 медаль жеңип алышты.
Жеңүүчүлөр:
Адилет Шакиралиев (10-класс, «Купуев академиясы») — алтын медаль
Алманбет Иметов (8-класс, «Купуев академиясы») — коло медаль
Тренери: Шумкарбек Абдураимов
Артем Яголковский (7-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби) — күмүш медаль
Нурайым Мухаматнабиева (10-класс, Президенттик «Акылман» мектеби) — коло медаль
Сайкал Мамарасулова (10-класс, «Айчүрөк» лицейи) — коло медаль
Тренерлер: Махамадхан Ишматов, Бекжол Жолдубай уулу
Тилек Нурмаматов (10-класс, Курманбек Баатыр атындагы лицей) — коло медаль
Тренери: Суусарбек Байбаев
Жалпысынан олимпиадага 12 өлкөдөн 198 окуучу катышкан.



