Саясат

Досмамбетов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды

Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Каныбек Досмамбетовду саламаттык сактоо министринин кызматына дайындоого макулдук берген.

Ал 46 жашта, буга чейин УКМКнын коррупцияга каршы кызматында жетекчилердин бири болгон жана ушул кезге чейин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеген. 1-декабрда мурдагы министр Эркин Чечейбаевдин ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button