ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери ИИБдин тергөөчүсүн УКМКга жеткиришти
ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарларын Кызматтын кызыкчылыктарын ар кандай чыккынчылардан, паракорчулардан, мыйзамдуулукту бузуучулардан жана коомдун көз алдында милициянын беделин түшүргөн жана орду толгус зыян келтирген башка элементтерден тазалоого багытталган иштерди улантууда.
Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароого беймарал мамиле кылуу, кылмыштарды эсептен жашыруу, пара талап кылуу, оройлук сыяктуу фактыларды табууга өзгөчө көңүл бурулат.
ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 20 000 сом акча каражатын опузалап пара талап кылган деп шектелген жаранды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүштү.
Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүшүндө ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери, УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте опузалоо фактысы боюнча шектүү делип, Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын А.Ж. аттуу тергөчүсү УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмүнө жеткирилди.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Ички иликтөө кызматы өз катарларын тазалоо иштерин улантат жана милицияга адашып келип калган адамдардан, өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен ички иштер органдарынын беделин түшүргөн таза эмес кызматкерлерден арылат.
Азыркы учурда коррупцияланган кызматкерлерди аныктоо боюнча бир катар чаралар көрүлүүдө.



