Коом

Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Касымбай Жолдошов 100 жашка толот

Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Касымбай Жолдошов 100 жашка толот.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Касымбай Жолдошов 1925-жылдын 25-июнунда туулган. 1943-жылы согушка кетип, 1950-жылы Ата Мекенине кайтып келген. Согуштан кайткандан кийин Ноокат районунун Кеңеш колхозунда фермер, бригадир, кассир болуп эмгектенген.

Байбичеси, уулу өтүп кеткен, учурда небереси Медербек Касымбаевдин колунда турат. 1 кыз, 27 небере, 55 чебере, 3 кыбырасы бар.

Согуш жылдарында эрдиктери үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун юбилейлик медалдары жана аскер сыйлыктары менен сыйланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button