Коом
Беш күндүк эс алуу учурунда айдоочулук күбөлүктү кайдан алса болот
Алдыдагы дем алыш күндөрү айдоочулук күбөлүктү кайдан алууга же алмаштырууга болорун Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы түшүндүрдү.
Дем алыш күндөрү мамлекеттик кызматтарды кезексиз алуу үчүн РИОМ-Авто базарынын аймагында жайгашкан «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактар аралык бөлүмүнө кайрылуу керек. Жоголгон күбөлүктү кайра алуу же калыбына келтирүү үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүшүңүз керек:
ID-паспорт;
айдоочунун жеке картасы;
автомектепти бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүк;
форма-083, медициналык кароодон өткөндүгүн тастыктоочу (наркологиялык жана психиатриялык экспертиза, көздү текшерүү);
арыз («Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө толтурулган).



