Коом

БУУ үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу боюнча Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын резолюциясын колдоду

БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин 57-сессиясында тийиштүү мүчө мамлекеттер тарабынан үй-бүлөдөгү зомбулукту жоюу боюнча сунушталган резолюция кабыл алынды.

Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан тарабынан иштелип чыккан демилге Кеңештин бардык мүчө өлкөлөрүнүн колдоосуна татыды. Ошондой эле бул теманын эл аралык аренада маанилүүлүгү жана актуалдуулугу белгиленди.

Кыргызстандын делегациясы билдиргендей, резолюциянын негизги максаты — үй-бүлөдөгү зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алууга жана жоюуга багытталган дүйнөлүк стандарттарды калыптандыруу. Мындай зомбулуктун чек арасы жана маданий айырмачылыгы жок. Ал дүйнөдөгү бардык адамдарга бирде таасир тийгизет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button