Коом
Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

Казакстан кыргызстандыктарга гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун берерин мамлекет башчынын маалымат катчысы Берик Уали билдирген.
«Кыргызстан менен мурдатан келе жаткан достук, союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк бар. Президент Касым-Жомарт Токаев бир тууган кыргыз элине казак элинин атынан жардам көрсөтүүнү чечти. Кошуна өлкөгө 10 миң тонна ун жөнөтүлөт», — деп жазган ал Facebook тармагындагы баракчасына.
Маалымат катчы өкмөт учурда Токаевдин тапшырмасын аткарууга киришкендигин кошумчалаган.



