Коом

ЖАКнын имаратында бир катар жагымдуу окуялар болуп өттү …

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын жыйындар залында жалпы жамааттын ыраазычылыгын билдирген кол чабуулары астында кадыр-барктуу кесиптешибиз татыктуу эс алууга узатылды, аны менен көптөгөн кызматкерлер чогу иштешип, ЖАКда жанаша кызмат кылышкан. Трибунадан Жапарбек уулу Кайраттын дарегине көптөгөн жакшы сөздөр, каалоо-тилектер айтылды. Аны ЖАКнын төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев «Кадырман» медалы менен, жубайы Элита Атыкенованы «Мыктыайым» медалы менен сыйлады.

Мындан тышкры жакында Чолпон-Ата шаарында 1999-2021-жылдары Баткен окуяларында каза болгондордун жаркын элесине арналган “Мен патриот” атуу эл аралык аскер кол күрөшүнүн жеңүүчүлөрү “Омега” атайын отрядынын 6 жоокери атайн грамота жана медальдар менен сыйланышты.

Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата Бишкекте өткөн VIII жылдык мини-футбол мелдешинде спорттук жетишкендиктери үчүн ЖАКнын курама командасынын кубогу жана Ардак грамота менен командири подполковник Адыл Самаркулов сыйланды, — деп билдирди ЖАКтын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button