Саясат
Карим Ханджеза төраганын орун басарлыгынан кетти

Жогорку Кеңештин вице-спикери Карим Ханджеза өз ыйгарым укуктарын тапшырды. Бул тууралуу ал 19-февралда парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим жеке жагдайларга байланыштуу кабыл алынган. Анын ордуна «Мекенчил» депутаттык тобу депутат Болот Ибрагимовду сунуштады. Спикер бул маселе боюнча тиешелүү комитеттин чечимин алып келип, депутаттар добуш бере алышы үчүн кароого коюуну өтүндү.
Эске салсак, буга чейин депутат Эрулан Кокулов айрым кесиптештери комитет төрагасы жана вице-спикер кызматтарын негизсиз ээлеп отурушканын билдирген. Ал так ысымдарды атаган эмес, бирок депутаттарды өз чечимдерин кайра карап чыгууга чакырган.



