Коом

Баткенде мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөрүлдү

2025-жылдын 13-июнь күнү Баткен райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен шаардык бөлүмү жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын аңчы адиси менен биргеликте мыйзамсыз балык уулоону жана браконьерликти алдын алуу максатында атайын рейд жүргүзүштү.

Иш-чаранын алкагында кызматкерлер атайын моторлуу кайык менен Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында жайгашкан Төрт-Гүл суу сактагычын кыдырып, мыйзамсыз балык уулоо үчүн коюлган синтетикалык торлорду табышып, аларды суу сактагычтан тазалашты. Ошондой эле суу сактагычтын түбү атайын якорлордун жардамы менен текшерилди.

Мындан сырткары, кайырмак менен балык уулоого келген жарандарга мыйзамдуу талаптар түшүндүрүлүп, алар суу сактагычтын аймагынан чыгарылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button