Коом
Бир жумадан бери дайынсыз. Ошто 61 жаштагы киши изделүүдө

Ош облусунда бир аптадан бери дайынсыз болуп жаткан 61 жаштагы киши изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Асылбек Мукуев Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылындагы үйүнөн 6-январь күнү болжол менен саат 9:00дөр чамасында чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык, чачын ак баскан. Үстүндө кара түстөгү кийимдер болгон.
Милиция аны көргөн-билгендер болсо (03232) 5-31-81, (03232) 5-81-28, 0558 82 48 80, 0707 33 43 23, 0551 00 55 11 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.



