Коом
Кыргызстанда жерге берилчү кызыл жана жашыл китептерди жокко чыгаруу каралууда

Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Асылбек Сатыбалдиев эми китептердин ордуна кадастрдык план берилерин парламентте билдирди. Планда QR-код болуп, анда жер тилкеси тууралуу бардык маалымат (аянты, менчигинин түрү, категориясы, түрү ж.б.) камтылмакчы.



