Алайда мектептеги жаңжалдан кийин мугалимдерге сөгүш берилди

Агартуу министрлиги Алай районундагы мектептердин биринде болгон жана социалдык тармактарда талкуу жараткан окуя боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, окуя 22-апрелде Мурдаш айылынын №34 мектебинде болгон. Териштирүүнүн жүрүшүндө 9–10-класстын окуучулары түнкүсүн айылдан тышкары жерде жолугушууну пландаштырганы аныкталган. Бирок мугалимдер убагында кийлигишип, аларды үйлөрүнө таратышкан.
Андан кийин ата-энелер менен мугалимдердин ортосунда жаңжал чыккан. Себеби ата-энелердин айтымында, мугалимдер окуучуларга карата күч колдонушкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мектептин үч кызматкерине тартиптик чаралар көрүлдү. Окуу бөлүмүнүн башчысы Б.Р., тарбия иштери боюнча директордун орун басары Б.А. жана мугалим К.у.Р. сөгүш алышты.
Министрлик мындай учурлар кайталанбашы үчүн мектептерге окуучулар жана ата-энелер менен профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырылганын белгиледи.



