Коом
Бишкекте жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн кышы жанындагы үйгө урап түшкөн

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн кышы жанындагы үйгө урап түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 27-мартта Биринчи май районунун Жаш Гвардия бульварында жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн кыштары (кирпич) жанында жайгашкан 2 кабаттуу үйдүн чатырына урап түшкөн.
Натыйжада батирлердин биринин шыбы урап, 1958-жылы туулган П.Г. аттуу аялдын үстүнө түшкөн.
Кырсыктын кесепетинен аталган аял жаракат алып тез жардам жеринде көрсөтүлдү. Бирок, жабыркаган аял ооруканага баруудан баш тарткан.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.



