Окуялар

Унаанын ичинде аялы менен күйөөсү тоңуп калган. Ат-Башыда каза болгон жубайларлардын беш баласы калды

Билдирүүгө ылайык, 20-декабрь күнү Ат-Башы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында гараждын ичинен Honda Odyssey унаасынын ичинен 1983-жылы туулган Д.С. жана 1982-жылы туулган М.Г. аттуу жарандар белгисиз себептерден каза болуп калгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган билдирүү Ат-Башы РИИБи тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда төмөнкүлөр аныкталган.

«Окуя Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында болгон. Маркумдар аялы, күйөөсү. Алгачкы кароо жүргүзүлүп, жансыз денелер сууктан улам тоңуп калгандыгы, бирок эч кандай күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилер байкалган эмес. Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала иликтөөлөргө ылайык, унаанын газына ууланып каза болгондору болжолдонуп жатат. Кошумча маалымат болсо билдиребиз», — деп жазылат маалыматта.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, жубайлар ошол күнү конокко кетишкен. Андан башка маалыматтарды билбей тургандыктарын айтышты. Алардын балдарынын улуусу 9-класста окуса, кичүүсү 2 жашта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button