Окуялар

«Тазалык» ишканасынын үч кызматкери Чоң Чүй каналына чөгүп кетти

 «Тазалык» ишканасынын үч кызматкери Чоң Чүй каналына чөгүп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар ишенимдүү маалымат булактарына таянуу менен кабарлашты.

Алардын бирөөсүнүн сөөгү бүгүн эртең менен табылган.

Алдын ала маалымат боюнча, алардын бирөө тайгаланып сууга түшүп кеткен, экөө аны куткармакчы болуп, бирок, тилекке каршы, кошо аккан.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсык тууралуу билдирүү эртең менен келип түшкөн.

«Саат 09:05те иштерге беш куткаруучу тартылган. Издөө иштери улантылып жатат. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет», — деп билдирди.

Маалымат боюнча «Тазалык» ишканасы расмий билдирүү тарата элек.

Тектеш кабарлар

Back to top button