Коом

Ошто көп жыл бою каралбай турган эки көчө оңдолот

Ош шаарында көп жылдан бери каралбай турган эки көчө толугу менен оңдолот.

Тагыраагы, узундугу 1,8 чакырым болгон Амир-Тимур (мурдагы Калинин) жана 2,4 чакырымдык Мамыров көчөлөрү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт. Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов жолдордун учурдагы абалы менен таанышып чыгып, тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилерине баштапкы иштерди жасоо үчүн зарыл болгон жумуштарды бүткөрүүгө тапшырма берген.

Аталган эки көчөнү кеңейтүү, жаңыдан асфальт төшөө, ирригациялык тармактарды оңдоо, тротуарларды куруу, жарыктандыруу жана жашылдандыруу боюнча иштер аткарылат.
Жолдун курулушу быйыл май айында башталары күтүлүүдө.

Мэрия буга канча каражат кетери такталып жатканын белгиледи, анткени сметалык долбоору жасалып бүтө элек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button