Коом

Шайлоого катышуудан баш тарткан 4 талапкердин арызы каралды

БШК 27-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн 4 жарандын шайлоого катышуудан баш тартуу арыздары каралды. Бул тууралуу басма сөз кызматкери билдирди.

Шайлоодон баш тарткан талапкерлер:

-Кыштообаев Кайрат Дарканбаевич — №23 шайлоо округу, арыз 24-октябрда берилген;

-Заирбек уулу Нурболот — №10 шайлоо округу, арыз 25-октябрда берилген;

-Жансеитов Тынайбек Каныбекович — №26 шайлоо округу, арыз 25-октябрда берилген;

-Осмоналиев Кайрат Медербекович — №19 шайлоо округу, арыз 26-октябрда берилген.

Ошондой эле, БШК Жансеитовдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Солтобаевдин, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Тынычбек уулунун каттоолорун жокко чыгарды.

Эскерте кетсек, кезексиз парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өтөт, үгүт иштери болсо 10-ноябрда старт алат.

Тектеш кабарлар

Back to top button