Коом
Таштандыны туура эмес жерге төккөндөргө “Тазалык” камераларды орното баштады

Эрежени бузгандардын видеолору мэриянын муниципалдык инспекциясына өткөрүлүп, анын негизинде айып пул салынат.
Таштанды челекке “жетпей калган” жеке жактарга (тиричилик таштанды үчүн) 5500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салынат. Ал эми өндүрүштүк, өнөр жай таштандысы үчүн жеке жактар 7500 сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.



