УКМК: КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Региондор аралык бөлүмүндө мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы аныкталды

КР УКМК комплекстүү ыкчам—тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо бөлүмүнүн 06-03 Региондор аралык бөлүмүндөгү (Ош областынын Кара-Кулжа райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттотуруу жана калкты каттоо бөлүмү) жогорку кызмат адамдары тарабынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча каражаттарын чогулттуу фактылары аныкталган.
Такталгандай, Ош областынын Кара-Кулжа райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн башкы адиси С.Н.Т. жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча кызматкери М.Т.А. калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн жарандардан төлөмдөрдү системалуу түрдө жүргүзүлүп турганы аныкталган. Топтолгон материалдардын негизинде, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 251-беренесинин 1-бөлүмү (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) боюнча кызматкерлерге кылмыштын негизинде айып тагылган.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган иш боюнча КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо бөлүмү 06-03 Региондор аралык бөлүмүнүн башчысы Ж.Ж.Ж. дагы айып тагылган.



