Окуялар
Чүй райондук ооруканасында дарыгер сабалды

Окуя 19-августта саат 04:00дө жандандыруу бөлүмүндө болгон.
Милиция 21 жаштагы кыз ооруканага саат 01:00дө “алкоголго ууланып” түшкөнүн маалымдады. Ал 3 сааттан кийин өзүнө келип, бейтапканадан кетүүгө аракет кылган. Бирок дарыгерлер аны туугандары келмейинче чыгара албастыгын айткан.
Кыз буга ачууланып, реаниматолог дарыгерди ур-токмокко алып, андан соң ооруканадан чыгып кеткенин милиция билдирди. Видеодон анын дарыгерди муунтуп жатканын да көрүүгө болот.
Бейтап кармалып, “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.



