Коом
Социалдык кезектегилерге жыл башынан бери 30 эле батир берилди – депутат

Депутат МИКтин соцкезеги жылбай жатканын айтууда. Айсулуу Мамашова апрелде МИКтин алкагында 476 батир тапшырылганын эске салып, анын ичинен 10%ын эсептей келгенде эле 47 киши үйлүү болмоктугун айтты.
“Бирок жыл башынан бери социалдык кезекте тургандардын 30уна эле батир берилиптир. Бул адилетсиздик”, — деди эл өкүлү.



