Бишкек мэриясы кызматкерлерди велосипед менен жүрүүгө чакырды

Бишкек мэриясы муниципалдык кызматкерлер арасында велосипед маданиятын өнүктүрүү боюнча жаңы демилге баштады.
Анын алкагында чиновниктерге, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин кызматкерлерине күн сайын жумушка велосипед менен барып-келүү сунушталууда.
Демилгеге катышуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Ага мэриянын түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү кошула алышат.
Мэриянын маалыматына ылайык, долбоор велосипедди шаардык транспорттун толук кандуу түрү катары жайылтууга, жолдордогу тыгындарды азайтууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана шаардык чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга багытталган.
Эң активдүү катышуучулар мэриянын расмий маалыматтык ресурстарында белгиленип, кварталдын жана жылдын жыйынтыгы менен сыйлыктарга ээ болушат.
Шаар бийлиги велосипед колдонууда жол кыймылынын эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо керектигин белгиледи.
Алардын пикиринде, муниципалдык кызматкерлердин жеке үлгүсү экологиялык транспортту жайылтууга жана Бишкекти жашоого ыңгайлуу шаарга айлантууга жардам берет.



