Коом

Жаңы жылдык каникул 12-январга чейин узартылды

Министерлер кабинетинин токтому менен жаңы жылдык каникул 12-январга чейин узартылганын өкмөт кабарлады.

Маалыматта 8-9-январдагы иш күндөрү башка күндөргө которулбай турганы айтылды.

Демилгени буга чейин Эмгек министрлиги көтөргөн. Анда 8-январдагы иш күнүн 7-февралга (ишемби), 9-январдагы иш күнүн 25-апрелге жылдыруу сунушталган.

Министрлик буга бир нече жагдай себеп болгонун белгилеген. Биринчиден, жаңы жылдан кийин вирустук инфекциялар күч алат. Экинчиден, окуучулардын каникулу 12-январга чейин созулат, алардын ата-энеси менен чогуу эс алуусуна шарт түзүү зарыл. Мындан тышкары, кышкы туризмден түшө турган кирешени көбөйтүү жана энергетикалык жүктү азайтуу да жүйө катары келтирилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button