Коом
Мечиттин курулушуна топтолгон акчаны уурдаган жаран кармалды

Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Таш-Дөбө айылындагы "Зийабидин ажы" мечитиндеги курулушка топтолгон 67 500 (алтымыш жети миң беш жүз) сом акчаны темир кутудан белгисиз атуулдар уурдап кеткен.
Бул факты Кадамжай РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кадамжай РИИБдин Исхак-Полотхан айыл аймагынын кызматкерлери тарабынан бул кылмыштын изи сууй электе мурда сот жообуна тартылган Лейлек районунун 31 жаштагы тургуну К.Б. Кадамжай районунун аймагынан кармалып, уурдаган акчаларын “Зийабидин ажы” мечитине өткөрүп берди.
Учурда уурулукка шектелип кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



