Коом
Кыргызстанда Tik Tok азырынча жабылбайт

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 30-августта Маданият министрлигинен сервисти жабуу тууралуу кат келип түшкөнүн билдирди. Анда “Tik Tok жаш балдарга, чоң кишилерге дагы терс таасир этүүчү маалыматтарды көрсөтүп жатат” деген даттануулар жазылган.
“Азыр соттун чечими чыга элек. Сервистин өкүлдөрү менен Маданият министрлиги кандайдыр бир келишимге келген. Ошондуктан Tik Tok азырынча иштеп жатат”, — деди Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Алтынбек Токторбаев.
Ал платформаны жаап салууга бийликтин техникалык каражаты жетерин кошумчалады.



