Кыргызстанда маданий туристтик продуктуларды түзүү боюнча республикалык сынакка арыз кабыл алуу мөөнөтү узартылды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, сынак ЮНЕСКОнун колдоосу менен Корея Республикасында иш алып барган Азия-Тынч океан аймагындагы материалдык эмес маданий мурастар боюнча Эл аралык маалыматтык-тармактык борбору (ICHCAP) менен биргеликте өткөрүлүүдө.
Сынактын максаты — кыргыздын салттуу оозеки чыгармачылыгындагы сюжеттерге жана образдарга негизделген уникалдуу маданий туристтик продуктуларды табуу. Анын ичинде «Манас» эпосунун үчилтиги, кенже эпостор, уламыштар, жомоктор жана макал-лакаптар камтылат. Долбоорлор улуттук мурасты заманбап дизайн жана рыноктун талаптары менен айкалыштырууга багытталган.
Сынактын башкы байгеси — 100 миң сом. Мындан тышкары, жогорку чеберчилик жана оригиналдуу идеялар үчүн атайын сыйлыктар, ошондой эле кызыктыруучу байгелер каралган.
Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 2026-жылдын 20-октябрына чейин узартылды.
Сынакка 18 жаштан жогорку Кыргыз Республикасынын жарандары же Кыргызстанда катталган компаниялар катыша алат. Командалык иштер да кабыл алынат.
2026-жылдын 31-июлуна чейин арыз берген катышуучулар өз долбоорлорун толуктап, жакшыртып, сынакка кайрадан тапшыра алышат.
Сынакка санариптик иллюстрациялар, кол менен тартылган эскиздердин сканерленген көчүрмөлөрү жана башка графикалык форматтагы иштер кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн [email protected] электрондук дарегине же 0704 910 901 телефон номерине кайрылса болот.



