Коом

Жамиля Жаманбаева селдин кесепетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Жамиля Жаманбаева өзүнүн жана жалпы Акыйкатчы Институтунун жамаатынын атынан селден жакындарын жоготкондордун аза кайгысын тең бөлүшөт.

“Ушундай оор күндөрдө биздин ой-тилегибиз сиздер менен. Сиздердин кайгыңыздарды жүрөгүмдүн түпкүрүнөн өткөрүп, тамырым сыздап турат. Сиздер менен бирге аза күтүп, кайгыңыздарды тең бөлүшөм” , — деди Акыйкатчы.

Акыйкатчы Институтунун Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү каза болгондордун жакындары менен жолугуп, көңүл айтып келишти. Туугандарына укуктук жана юридикалык колдоо көрсөтүлүүдө.

Каза болгондордун биринин жети баласы жетим калды. Алардын алтоо жашы жете элек жаш балдар.

Акыйкатчынын тапшырмасы менен баардык мүмкүн болгон чаралар көрүлүп, кызматкерлер акысыз психологиялык кеп-кеңештерди берүүгө даяр. 

Ошондой эле, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери селден жабыркап, үй-мүлксүз калган жарандар менен да жолугушту. Аларга  укуктук кеп-кеңештер берилип, мамлекеттен кандай жардам алуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Ошону менен катары эле, Акыйкатчы Институтунун жалпы жамааты селден жабыркагандар үчүн жардам ирээтинде бир күндүк эмгек акысын которушат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button