Коом

Министрлер кабинети 2026-жылга минималдуу эмгек акынын өлчөмүн 3280 сом деп белгилешти

КР Министрлер кабинети келерки жылга минималдуу эмгек акынын өлчөмүн 3280 сом деп белгиледи. Бул көрсөткүчтөр Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө берилген 2026-жылга жана 2027-2028-жылдарга карата республикалык бюджетте камтылган.

Министрлер кабинетинин эсептөөлөрүнө ылайык, 2027-жылга минималдуу эмгек акы 3608 сом, ал эми 2028-жылга 3968,8 сом өлчөмүндө белгиленген.

Белгилей кетсек, бул сандар кадимки жумуш шарттарында жөнөкөй тапшырмаларды аткарып, толук стандарттык жумуш убактысында иштеген квалификациясы жок кызматкердин айлык эмгек акысын билдирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button