Коом
Депутат Кыргызстанда өлүкканада өлүктөр сатылып жатканын айтты

Өткөн жылы өлүккананын кызматкерлери тарабынан беш-алты өлүк сатылганын депутат Акбөкөн Таштанбеков «Элдик» жана «Альянс» фракцияларынын жыйынында билдирди.
Бирок аны менен катар депутаттар бул окуя кайсы өлүкканада болгонун ачыктаган жок.
«Кант шаарында жашаган Махабат Ашимова деген жаран инисинин өлүкканада союлган сөөгүн таппай калган. Кандайдыр бир жол менен жоголуп кеткен. Балким, ал сөөктү да 2023-жылда кылышкандай кылып сатып жиберишкендир», — деди депутат.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул боюнча маалыматты тактап, андан кийин жооп берүүнү убадалады.



