Коом
Олимпиадада Мунарбек Сейитбек уулуна жардам берген өзбекстандык тренерге Чыңгыз Айтматов медалы ыйгарылды

Акмаль Хасанов кыргызстандык боксчунун секунданты болгон. Анын мамилеси көпчүлүктүн ичин жылытып, кыргызстандыктар ага алкыш айтышкан эле.
“Гуманизм, толенранттуулук, адамгерчилик жана эл аралык дипломатиянын жогорку деңгээли үчүн өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасановго Чыңгыз Айтматов атындагы медалды ыйгарабыз”, — деп билдирди “Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму” эл аралык коомдук бирикмесинин башкы катчысы Ассоль Молдокматова.



