Коом

Ош шаарында эки деңгээлдүү өтмөк курулат

Ошто жолдорду байланыштыра турган өтмөк курулат.

Мэрия учурда аны салууга даярдык башталганын айтып, бул шаардагы ири долбоорлордун бири экенин белгиледи. 
Маалыматка ылайык, учурда Ы. Монуев көчөсүн “Кыргыз Көчү” босогосунан А. Масалиев кең көчөсүнө чейинки аралыкты оңдоп-түзөө, Ы. Монуев, А. Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жер астынан, үстүнөн унаалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн курулуучу өтмөктү курууга даярдыктар башталды.

«Бул Ош шаарында жасалуучу негизги ири долбоорлордун бири. Анын алкагында тиешелүү адистер тарабынан учурда элге түшүндүрүү иштери, кызыл сызыктын чегинен чыгып кеткен имараттарды алып салуу, курулуш иштерин баштоо үчүн долбоордо каралган жерлерди даярдоо иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button