Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери мыйзамсыз кармалган балыктарды саткан 3 жаранды аныкташты

Ысык-Көл облусунун аймагында браконьерликке каршы күрөш уланууда. Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан көлдүн акваториясынан браконьердик торлорду тазалоо жана мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер кызуу турмушка ашырылып келүүдө.
Мындан тышкары, мыйзамсыз жол менен кармалган балыктарды сатууну аныктоо боюнча да рейддик иш-чаралар колго алынып келүүдө. Алып айтсак, туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында 87 даана «Сиг-Лудога» балыгын сатып жаткан жеринен 58 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган.
Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 12 даана «Сиг-Лудога» балыгын соода түйүнүнүн сатуучусу, Каракол шаарынын 43 жаштагы тургуну сатканы милиция кызматкерлери тарабынан аныкталган. Ал эми Тоң районунун Тоң айылында 16 даана «Ысык-Көл форелин» сатып жаткан жеринен Бөкөнбаев айылынын 52 жаштагы тургуну кармалган.
Бардык аныкталган фактылар, окуя орун алган райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналындарында катталып, мыйзамсыз балык уулаган жарандардын өздүктөрүн аныктоо боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.


Рейддик иш-чаралардын алкагында туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз жол менен кармалган балыктарды сатууга жол бербөө боюнча балык продукциясын сатуу боюнча соода түйүндөрүн сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.





