Рейд учурунда Ак-Суу районунун тургунунун автоунаасынан атылган тоо теке табылды

17-январда Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жана биоресурстар регионалдык башкармалыгынын өкүлдөрү жана Ак-Суу РИИБдин кызматкерлери биргелешкен рейддин жүрүшүндө «Түргөн» постунан 40 жаштагы А.А. Зындан айылынын тургунунун башкаруусундагы «Toyota Land Cruiser Prado» автоунаасын токтотушкан.
Текшерүү учурунда жол тандабастын багажынан атылган тоо теке табылып, алынган. Кармалган жаран текшерүүчүлөргө жапайы жаныбарды атууга эч кандай уруксат кагаздарын көрсөтө алган эмес. Анын айтымында, жарадар болгон тоо текени сырт аймагынан таап, багажга салып, айылына бара жаткан.
Аталган факт Ак-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.





