Дүйнө
Кытайда жер көчкү жүрүп, 40тан ашык киши топурактын астында калды

Кытайдын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Юньнань провинциясында жер көчүп, кырктан ашык адам топурак алдында калганын РИА Новости жазды.
Жаратылыш кырсыгы таңда саат 5:51де Чжаотун аймагынын Чжэньсюн уездинде болуп, андан бир нече айыл зыян тарткан.
«Алдын ала берилген маалыматка таянсак, 18 кожолуктан 44 адамды жер жасып калган», — деп билдирген аталган өлкөнүн борбордук телеканалы.
Издөө, куткаруу иштерине 200дөн ашык адистер тартылганы, 200дүн тегерегиндеги адам эвакуацияланганы айтылды.


