Коом

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери “Ямайка” пансионатынын көлүндө буукананы аныкташты

29-июль күнү рейд учурунда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жайгашкан «Ямайка» пансионатынын көл жээгинен буукана орнотулганын аныкташкан.

Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, учурда тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чечим кабыл алуу үчүн териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилеп кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген калктын эс алуу жана ден соолугун чыңдоо уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык жээктеги пляждык зонанын аймагында сууда буукана тургузууга тыюу салынат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button