Коом

УКМК: «Кыргызиндустрия» ААКдагы системалуу коррупциялык схема токтотулду

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында  «Кыргызиндустрия» ААКнын жогорку даражалуу адамдары уюштурган коррупциялык схема тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Кыргызиндустрия» ААКнын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2025-жылдын 13-мартында чогултулган далилдердин негизинде «Б. К. М.» ЖЧК директору М.Т.И. жана А.К.Х. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  

Белгилей кетсек, буга чейин аталган кылмыш иши боюнча төмөнкү адамдар да кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камалган:

1. «Кыргызиндустрия» ААКнын президенти Ж.О.А.

2. «Кыргызиндустрия» ААКнын  вице-президенти Б.Д.Б.

3. «Алай барстары» ЖЧКсынын директору Б.К.У.

4. «Корпорация строй ресурс» ЖЧК директору М.Ы.А.

 Учурда бул коррупциялык иштин башка фигуранттарын аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button