Коом

Ноокатта көчөдө ойноп жүргөн баланы 42 жаштагы киши пневматикалык тапанчадан атып алган

Ноокатта 10 жаштагы баланы 42 жаштагы жаран тир куралы менен аткан. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

2-май күнү Кызыл-Кыя ШИИБге шаардык ооруканасынан кабар келип түшкөн. Анда Ноокат районунун Он-Эки Бел айыл аймагынын тургуну 10 жаштагы бала үйүндө жыгылып түшүп, жарат алып кайрылгандыгын кабарлаган.

Аталган факты маалыматтык электрондук журналына катталып, аймактык караштуулугу боюнча Ноокат РИИБге жиберилген. Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, 1-май күнү кечки саат 19:30 чамасында жабырлануучу көчөдө ойноп жүргөндө коңшусу Ноокат районунун тургуну 42 жаштагы жаран пневматикалык ок атуучу тир куралы менен кокустан атып алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына алып баргандыгы аныкталган.

8-май күнү жабырлануучунун 46 жаштагы таенеси аталган окуя боюнча Ноокат РИИБге арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча териштирүү иштери уланып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button