Спорт

Көкпар боюнча финалдык беттеш Казакстандын пайдасына 4:5 эсеби менен жыйынтыкталды

Негизги убакыт 4:4 упай менен аяктаган. Бирок көкпардын эрежеси боюнча кошумча 10 мүнөт берилип, кайсы команда улакты биринчи салса, ошол жеңүүчү деп табылат. 

Кошумча убакыт берилгенде казак улакчысы калыстын ышкырыгы жаңырганга чейин эле эңкейип улакты алып, эсепти 5:4 кылып жаңыртты. 

Оюнду тейлеген калыс Казакстан көкпар командасынын бешинчи «оюнчусундай» эле аракет кылганы көрүнүп турду. 

Көпчүлүк ал калыс бир командага ачык эле жан тартканын жазып жатышат. 

Беттеш Көчмөндөрдүн дүйнөлүк V оюндарынын алкагында Астана шаарында өттү. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button