Коом
ЖК ысык сууну өчүрүү мөөнөтүн жылдырууну суранды

Жогорку Кеңеш үйлөрдөгү ысык сууну өчүрүү мөөнөтүн жылдырууну суранышууда. Бул тууралуу депутат Илимбек Кубанычбеков ЖКнын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, апрель айында аба ырайы дагы эле салкын бойдон калууда.
«Баардык эле адамдарда суу ысыткыч жок. Суунун өчүрүлүшү элге көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратат. Ошондуктан жарандар өчүрүүнү май-июнь айларына, аба ырайы жылый баштаган убакытка жылдырууну суранып жатышат», — деп белгиледи ал.
Эске салсак, 1-апрелден тарта Бишкек шаарында ысык суу өчүрүлгөн. Ал 40 күнгө чейин болбойт.



