Спорт
Чынарбек Изабеков күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

Венгриянын Татабания шаарында ардагерлер арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Чынарбек Изабеков алтын медалга ээ болду. Ал D дивизионундагы (51-55 жаш) спортчулардын арасында 100 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Изабеков беттешти 1/8 финалдан баштап, катары менен төрт беттеште жеңишке жетти. Жыйынтыгында дүйнөнүн чемпиону болду.
100 кг чейин
1/8 финал
Чынарбек Изабеков — Валериан Заболотный (Румыния) — 9:3
1/4 финал
Чынарбек Изабеков — Жузеппе Анджелло (Италия) — 10:0
Жарым финал
Чынарбек Изабеков — Мукеррем Кийи (Түркия) — 3:0
Финал
Чынарбек Изабеков — Алвин Лерой Риггс (АКШ) — 6:2



