Коом
Ысык-Көлдө мыйзамсыз бак кыйган тургун кармалды

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө, мыйзамсыз бак-дарактарды кыйып жаткан учурунда Түп районунун Ысык-Көл айылынын 24 жаштагы тургуну М.А. кармалган.
Кармалган жаран, Михайловка жана Ысык-Көл айылдарынын ортосундагы көлдүн жээгинде жайгашкан токойдун ичинен 93 түп кара жыгач багын кыйып, унаасына жүктөп, жөнөтүүгө даярдап жатыптыр.
Аталган факт Түп РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле, материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында, тийиштүү мамлекеттик органдарына материалдар жөнөтүлдү.
Учурда текшерүү иштери уланууда.



