Коом

Кеминде күйдүргүгө шектелген жарандан илдет аныкталган жок

Кеминде күйдүргүгө шектелип, ооруканага жаткырылган жарандан илдет аныкталган эмес. Өлкөдө илдет боюнча абал туруктуу. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ооруканага жаткырылган бейтаптын лабораториялык анализинин алдын ала жыйынтыгы чыгып, анда күйдүргү илдети аныкталбагандыгы көрсөтүлгөн.

Ветеринардык кызмат айрым бир кооптуу илдетке байланышкан жагдай туурасында мамлекеттик органдардын кызматкерлери алдын ала такталбаган маалымат берген учурда укуктук жоопкерчилиги карала тургандыгын эскертет. Мындай маалыматтарды таратуудан мурда тиешелүү лабораториялык анализдердин жыйынтыгын күтүү зарыл экенин белгилейт.

Эске салсак, күн мурун, 16-майда Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борбору Кеминде бир адам күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түшкөнүн маалымдаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button