Коом

Жеке ветеринарларга базарларда экспертиза жүргүзүү укугу кайтарылды

Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн алкагында жеке ветеринардык адистердин укуктары мыйзамсыз чектелгени аныкталды. 

Прокуратурадан маалымдашкандай, мурда кабыл алынган айрым актылардан улам, алар азык-түлүк базарларында ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышкан.

Башкы прокуратуранын талабы менен министрлер кабинети тиешелүү токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди. Натыйжада жеке ветеринардык дарыгерлерге базарларда экспертиза жүргүзүү жана сыноо протоколдорун берүү укугу кайра калыбына келтирилди. Ал эми азык-түлүк базарларындагы лабораториялар жөнүндө жаңы жобо бекитилди.

«Учурда 21 жеке ветеринардык адис менен экспертиза жүргүзүү боюнча келишимдер түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратура ишкерлердин укугун коргоо багытындагы көзөмөл иштерин улантууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button