Коом

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “БУУ-Аялдар” уюмунун өкүлдөрү менен жолукту

Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков БУУнун “Аялдар уюмунун” өкүлдөрү менен өткөн жолугушуусунда, айыл чарбасын өнүктүрүүдө айымдардын ролу өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи.

Айымдардын саясаттагы лидерлиги биздин өлкө үчүн өтө актуалдуу, Кыргызстанда чыныгы демократияны куруу үчүн бардык коомдук топторду экономикалык жана саясий кырдаалга тартуу зарыл. Айымдардын саясий жана коомдук турмушта чечимдерди кабыл алуусуна катышуусун күчөтүү, Кыргызстанды өнүктүрүүгө чоң салымын кошот.

«Тажрыйба көрсөткөндөй, айымдар кандайдыр бир чечимдерди кабыл алуучу башкармалыктын олуттуу бөлүгүн түзүүсү керек, конкреттүү кызыкчылыктарын коргоп жана жактап, натыйжалуу өзгөрүүлөргө жетүүдө өз аракеттерин жумшашат», — деп эсептейт А.Джаныбеков.

«БУУ-Аялдар» уюмунун өкүлдөрү өз кезегинде Айыл чарба министрлигине айыл чарбасындагы аялдарга колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button